Түркияда мекендештер тарабынан куткарылган кыз бала багып иштеген

Түркиянын Анталия шаарында мекендештер тарабынан куткарылган кыз бала багып иштеген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына кызды куткарган Анталия шаарындагы "Кыргыз коомунун" мүчөсү Света Беккулова айтып берди.

Анын айтуусуна караганда, кыз ошол жакта калып, ишин уланта берет.

"Анталияда Талант Курманалиев жетектеген "Кыргыз коом" деген бирикмебиз бар. Ошол коомубуздун WhatsApp тобуна түнкү саат бирде 1 бала аудио түрүндөгү билдирүү жөнөттү. Ал: "Мен башка шаарда элем, бала багып иштеген кызды үй ээси сабап, үйүнөн чыгарбай жатыптыр", - деди. Анан "Эмне болгон кыз? Аты ким? Кайсы жерде экен? Ошол кыз отурган үйдүн картасын жибер" десем, толук маалымат жиберди. Карасам, мен иштеген жерден бир көчө өйдөдө экен. Дароо эле "Кыргыз коомунун" мүчөсү Талант Курманалиевге телефон чалып, окуяны айтып бердим. Андан кийин Майрамбек Мамбеткожоев жана Бекжан деген балдарга чалып ушундай болуп жатат десем, алар да башка балдар менен байланышып, 10 мүнөткө жетпей 8 бала келди. Үйдү издеп таап барып, кызды алып чыктык. Ал кыздын аты Махабат экен", - дейт Беккулова.

Света Беккулованын айтуусуна караганда, куткарылган кыздын курагы отуздан өтүп калган. Түркияга тил билбей эле баргандыгын кошумчалады.

"Ким алып келди эле" десем, "ортомчусу жок эле өзүм келгем. Келгениме бир ай эле болду. Аялдамадан таанышкан бир түрк аял ушул ишке орноштурган. Мен билген эмесмин, көрсө ал аял баңги экен", - деди.

Анын баңги экенин, ыплас жерде иштегенин билип "кетем" десе, "эч жакка чыкпайсың" деп кетирбегенге аракет кылыптыр. Махабатты түрткүлөп, сүйрөп, шылдыңдаса керек. Кызды кармап отургандарды полицияга берели десек, биз менен келген эки бала документин үйүндө унутуп калыптыр. Эгер полиция кызматкерлерин чакырсак, биздин документтерди кошо текшермек болчу.

Бул жакка (ред. Түркияга) бирөөгө таянып келбесең кыйын. Бир канча кыздар өлүп кетти. Эмне болуптур десең, кулап кетип башы менен тийиптир, каны аз экен же болбосо ушул сыяктуу шылтоолорду айтышат", - дейт ал.

Буга чейин "Түркияда мекендештер оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп жаткан аялдын үйүнөн Кыргыз кызын алып чыгып кетишти" деген аталыштагы видео Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлгөн эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Almaz_kg
2018-05-22 09:23:59
Ушинтип кор болгуча, өзүң Бейиштей жериңде күйөөң көзүн карап олтурган жакшыраакко
+10
Anaraalieva
2018-05-22 10:21:55
Almaz_kg,Ал жакка эмне жыргаган учун кетип жатыптырбы!?
+3
Chagylgan1
2018-05-22 15:48:44
Anaraalieva, ким билет?!! Балким куйоосун тоготпой, болбогон шылтоо менен ажырашып жаштыгында, эми 30дан ашканда айласы кетип Туркияга баргандыр...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан