Биз социалдык тармакта

Лейлекте кайрадан сел жүрдү

Баткен облусунун Лейлек районунда кайрадан сел жүрүп, ички чарбалык жолго жана суу аккан арыктарга зыян алып келди. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 21-май күнү саат 18:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Катран айыл аймагынын Күнгөй тилкесинде 1 турак үйдүн короосун, 5 жер тилкесин суу каптап, 30 метр ички чарбалык арыктарына кум-шагыл толгон. Ошондой эле Ала-Көл тилкесинде 1 турак үйдүн короосун суу каптап, 200 метр ички чарбалык арыктарына кум-шагыл толгон. Мындан сырткары Маргун айыл аймагындагы Даргаз айылында 1 жер тилкесин, 2 мал сарайды жана Даргаз-Маргун ички чарбалык унаа жолун суу каптаган. Унаалар кыйынчылык менен өтүүдө.
Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Айта кетсек, Лейлек районунда 13-май күнү кечки саат 16:00дөн 17:30га чейин жамгыр катуу жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен дамбалар бузулуп, ички чарбалык жолдор, арыктар талкаланган. Андан сырткары Исфана шаары, Сумбула, Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент, Маргун айыл аймагындагы айрым үйлөрдү суу каптаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан