Бажы кызматы: "Кубанычбек Кулматов кеткенден бери бир да кызматкер иштен алынган жок"

Мамлекеттик бажы кызматы мурдагы бажынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун айткан сөзүнө жооп кылды. Бул тууралуу аталган мекеме расмий маалымат таратты.

Ага караганда, Бажы кызматынын жаңы жетекчиси Алмаз Оңолбеков келгенден бери бир да кызматкерди кызматтан кетирүү боюнча буйрук чыккан жок.

Айта кетсек, кечээ, 21-майда Кубанычбек Кулматов УКМКда сурак берген. Андан соң ал журналисттерге комментарий берип жатып, Бажы кызматынын башчылыгынан кеткенден кийин бажы кызматындагы жетекчилик курамдын жарымы кызматтан кеткенин айткан эле.

Эске салсак, 14-майда Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгынан өзүнүн берген арызынын негизинде кетип, ордуна Алмаз Оңолбеков дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taalay25
2018-05-22 11:02:41
Таможныйга миллионерлер окмот башчы менен соттошуп кайра келе албай атса Кулматовдун артынан начальство неге кетмек эле?)) Логика каякта!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан