Эл аралык кылмышкерлер "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынан каражаттарды чыгарууга аракет кылышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин транспорт, байланыштар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди.
Анын айтымында, "Мегакомго" кол салуудан майнап чыккан жок. "Эл аралык кылмышкерлер уюлдук компаниялардын эсебинен каражаттарды чыгаруу менен алектенишет экен. "Мегаком" боюнча кылмышты аягына чейин чыгара алышкан жок. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деди Түлөбердиев.
Жыйында аталган комитеттин төрагасы Марат Аманкулов "Мегакомдун" эсебинен 500 миң доллардын уурдалганы чынбы же калппы" деп сураган.
Айта кетсек, буга чейин 9-апрелде "Мегакомдон" 60 миллион сом уурдалганы боюнча жашыруун маалыматты алдык" деп SUPER.KG`ге Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирген.