Тармактык комитет интернет үчүн Дүйнөлүк банктан алынып жаткан 50 миллион доллар боюнча макулдашууну кайра иштеп чыгууга жиберди

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети интернет үчүн Дүйнөлүк банктан алынып жаткан 50 миллион доллар боюнча макулдашуунун долбоорун кайра иштеп чыгууга жиберди. Буга макулдашуунун долбоорундагы бир катар кемчиликтер себеп болду. Депутат Кубанычбек Жумалиев жана башка депутаттар 50 миллион доллардын көпчүлүк бөлүгү эле консультациялык кызматтарга жумшалып кетип жатканын белгилешти.

"Каражаттын жарымынан көбү эле консультациялык кызматтарга жумшалат экен. Долбоорду ишке ашырууга дагы бир жыл убакыт бар болгондуктан, кайра иштеп чыгууга жибериш керек", - деди эл өкүлү Жумалиев.

Ал эми депутат Алтынбек Жунус уулу насыянын пайдасын жеке уюлдук компаниялар көрүп жаткандыгын, төлөнбөй калса өкмөт жоопкер экенин сынга алды. "Насыяны өкмөт алып жатканы менен ал акчаны жеке уюлдук компаниялар пайдаланат экен. Эгерде төлөй албай калышса, өкмөт төлөп бериш керек болот. Эмне үчүн өздөрү эмес, өкмөт алып берип жатат?" - деп суроо салды Жунус уулу.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында, өкмөт насыяны жеке компанияларга ортодон пайда көрүү үчүн алып берүүдө. "50 миллион доллардын 25 миллиону - насыя, 25 миллиону - гранттык каражат. Биз бул каражатты Дүйнөлүк банктан жалпы 0,75 үстөк пайыз менен 38 жылга алып жатабыз. Аны жеке уюлдук компанияларга 15 жылга 2 же 3 үстөк пайыз менен беребиз. Ортодон биз пайда көрүп жатабыз", - деп жооп кылды Байгөнчөков.

Комитет мүчөлөрү айтылган кемчиликтерди эске алып, макулдашуунун долбоорун кайра иштеп чыгууга жиберишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
fantomas
2018-05-22 13:04:22
Аферисттер!!! Коррупционерлер!!!ХХХХХХХХХХ Олко кызыкчылыгын акчага баалап саткан саткындар!!!30 жылда кайсы кредиттен пайда кордунор эле, мисал келтирчи Байгончоков?!! Башкасын кой да, колундарда турган Кыргыз-Орус фондунун акчалары максатсыз жумшалып жатат го, Бабанов ал акчага ТРЦ салып, Кулматовго окшогондор озуно 15 000$дан маяна жазып ай сайын... Качан, эмнени кыйраттынар эле?!!
+8
fantomas
2018-05-22 13:07:44
15 жылдан кийин сени таппайбыз да, ошол учун жандалбастап жатасынбы бал тилине салып, "лапша устуно лапша" илип?!! 5 жыл мурунку ТВЕА менен келишим тузуудогу куноокорлорду таппай отурат бийлик, бир-бирин куноолоп, 15-16 жылдан кийин мени ким издемек эле, уюлдук компаниялар карызды толой албаса деп отурасын го ээ?!! Ошондо баягы эле эл толойт да ээ?!!

Ошол 50 миллиондун болбоду дегенде 10-20 миллион доллары сол чонтокторго кетет да ээ?!!
+9
fantomas
2018-05-22 13:11:00
Депутаттардын чонтогуно 10-20 мин доллардан салып койсон колдоп берет сенин долбоорунду жепжутарлар. Анан Иманалиевге окшоп бакылдап чыгат, биринчиден 3-5 фракция колдоду эле, мен да элден калбай колдоп койдум. Экинчиден башкалар уурдаса, жесе, ага биз депутаттар жооп бербейбиз деп...

Депутаттар оздору коррупциянын эшигин ачып, колдоп берип жатса сметасы жок эле...

Болбойт бул жоругунар. Кереги жок карыздын!!!
+7
fantomas
2018-05-22 13:14:27
Эгер ошол 120 депутаттын арасында акылдуу, баштуу бироо жарымы болгондо, "Токтот карыз алганды, олко келечеги коркунучта, биз тапшырма берип кыска убакытта ири коррупциялык долбоорлордо акча жегендерди аныктап кустуралы, Кытайдын карызын кайтаралы, Кытайдан башка карыз албайлы, карыздардан толук кутулуунун жолун издейли" десе болмок.

Атангору, 120 депутаттын ичинен ушуну айтаар бири жок болсо, камчыга сап болоор бироосу да жок болсо......
+6
Pamirlan
2018-05-22 14:49:09
fantomas,азаматсыз, эң туура айттырып, эми биздин неберелерибиз толойт экен да карызды. Уяты жоктор уурулар.алып кирип эле жатышат, Кудайдан корккулачы. Жеп жутаттар
+5
bond02
2018-05-22 15:06:43
Андай эле башынар иштеп акылдуу болуп кетсенер дуйнолук банктан карапайым элге ошондой томон пайыздуу кредит жана грант алып бербейсинерби.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан