22-23-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарбанын, унаа каттамдарын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кырсыктын алдын алуу боюнча бардык күч-каражаттарды (менчигинин түрүнө карабастан) пайдалануу менен арыктарды, суу өткөрүүчү түтүктөрдү, көпүрөлөрдүн ичин, суу көп топтолуучу жайларда тез арада алдын алуу жумуштарын жүргүзүү зарыл экендигин эскертет", - дейт басма сөз кызматы.
Ошондой эле 24-майда түнкүсүн Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -2 градуска төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жылуулукту сүйүүчү айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн коркунучтуу экени айтылат маалыматта.