Акылбек Жапаров: "Биздин өлкө аткезчилик менен алектенгендерге бейиш болуп калды"

"Кыргыз өлкөсү аткезчилик менен алектенгендерге бейиш болуп калды". Мындай пикирин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 22-майдагы жыйынында билдирди. Эл өкүлү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбековго кайрылып, аткезчилик иштерге чекит коюуга чакырды. Ал үчүн кылмыштын мындай түрүнө жол берген мыйзамдарга тез арада өзгөртүү киргизүү зарыл экендигин айтты.

"Аткезчилик аракеттерге ушул күнгө чейин жол берген мыйзамдар четке кагылышы керек. Эки-үч жумадан кийин аткезчиликке жол ачкан бүт мыйзамдарды өзгөртүүгө алып келиңиздер, биз колдоп берели. Тилекке каршы, биздин мамлекетте бажычылар өздөрү байып, өлкө кедей жашап жатканына көнүп калды. Өндүрүшчүлөрдүн баары мамлекетти таштап чыгып кетип жатышат. Өндүрүш менен алектенгенге караганда аткезчилик менен алектенүү жеңил болуп калды", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
fantomas
2018-05-22 15:22:53
Президенттер оздору контрабанда менен алектенип жатса. Жана эле бир макаладан окудум, Жаныш Бакиев бангизатты ташуу, откоруу менен алектенчу деп...

Кыскасы баары бийликтин озунон коз каранды...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан