Депутат Руслан Казакбаев "саясий кугунтук" деген сөз эмне себептен айтылып жатканы боюнча оюн билдирди

ЖЭБдеги окуя боюнча суракка чакырылган Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов өздөрүнө карата болуп жаткан иште "саясий түс" бар экенин айтышууда.

"Кулматовго кылмыш иши козголушу, Исаковдун УКМКга сурак берүүсү - бул саясий куугунтукпу?" деген SUPER.KG порталынын соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаевдин жообу.

Депутаттын айтымында, "саясий куугунтук" деген сөздүн айтылышына коомдогу укук коргоо органдарына, сотторго болгон ишенимдин төмөндөп кеткени себеп болгон.

"Коопсуздук кеңешинин акыркы өткөн жыйынында укук коргоо органдарына коррупция менен күрөшүүдө эрк керек экени белгиленип, бул жаатта иштер так аткарылышы керектиги айтылган. Андан кийин бир нече адамдарга ЖЭБдеги окуя боюнча иш ачылды. Учурда саясий куугунтук болуп жатабы же жокпу айта албайм, бирок тийиштүү органдар калыс, ар тараптуу иликтөө жүргүзүшү керек. Ким күнөөлүү экенин сот чечет, ошол соттун чечиминен кийин бул иштер тууралуу бир нерсе дегенибиз туура болот. Менин оюмча, бул сөздүн чыгышынын негизги себеби акыркы жылдары укук коргоо органдарына, айрыкча сотторго болгон коомчулуктун ишеними төмөндөп кетти. Ошол себептен ушундай сөздөр айтылып жатат", - деди Казакбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков, Пархат Тулендыбаевдин, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана активист Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан