Орусиялык режиссёр Сергей Дворцевойдун Кыргыз кызы тууралуу тарткан "Айка" тасмасы социалдык тармакта кызуу талкууга алынууда. Айрымдар "Эмне үчүн Кыргыз кыздарын жаман жагынан көрсөткөн темада тартылган?", "Эмнеге Кыргыз кызынын ролун казак кызы жараткан? Казак болуп эле роль жарата бербейби?! Же эмне жалгыз эле Кыргыз кызы жолунан адашат бекен?" деген пикирлерин калтырган.
Талкуу жараткан тасмага Кыргыздар деле тартылган. Алардын бири "Кыргызкастинг" агенттигинин башчысы Чолпонайым Бөрүбаева. Ал тасма тууралуу SUPER.KG порталына буларды билдирди.
"Бул тасма 6-7 жыл аралыгында тартылган. Анда мен жана менин командамдын салымы эч нерсеге арзыбайт деп эсептейм. Анткени биз кино жаратуучулар менен 2 жарым ай гана иштешкенбиз. Фильм кинофестивалга катышкандан кийин коомдо терс пикирлер пайда болду. Тасма тартылып баштаганда Кыргыз кызынын образын казак актрисасы жаратат дегенди укканда эле айрымдар нааразы болуп чыгышкан. Алар башкы ролдон Кыргыздын Асемасын көргүсү келсе керек. Мен Асеманын талантын баалайм, чыгармачылыгын сыйлайм. Бирок режиссёр башкы каармандын образын ким жарата аларын жакшы билет да. Сергей Дворцевой буга чейин Самал Еслямованы "Тюльпан" фильмине да тарткан. Режиссёр иштешип жүргөн актёр, актрисаларды жакшы билет жана аларга ишенет. Мен муну башкаларга түшүндүүрүгө аракет кылдым", - дейт ал.
Ал эми Кыргыз кызынын атын булгап жатат деген сөздөр бул жөн гана тасманын бир эле үзүмү экенин айтат Чолпонайым Бөрүбаева.
"Фильмдин өзөгү - каармандын башынан өткөргөн окуясы кыймыл-аракет аркылуу берилгендигинде. Тасма ар бир көрүүчүнү таасирленте алат. Андыктан тасма үчүн кубанууга негиз бар. Эгерде режиссёрдун козгогон, коомго алып чыккан темасы жакпай жатса, сындагандар кыздарга жакшы шарт түзүп берсин. Өз мекенинде иштеп, бутуна тууруга жардам берсин. Мындай иштер менен камсыз кыла албаса, башкалардын эмгегегин талдап, сөз кылуунун кереги жок", - дейт ал.
Белгилей кетсек, орусиялык режиссёр Сергей Дворцевойдун Кыргыз кызы тууралуу тарткан тасмасы 71-ирет өткөрүлгөн Канн кинофестивалына катышып, "Алтын бутак" сыйлыгы үчүн ат салышкан. Анда башкы каармандын ролун казак актрисасы Самал Еслямова жаратып, "Мыкты актриса" наамына татыган.