Сербияда аскердик МиГ-29 тик учагы кулап түшүп, учкучу каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги жана жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 17-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:45 чамасында Белграддан түндүк-батышты карай 35-40 чакырым алыстыкта жайгашкан Нова-Пазова жана Стара-Пазова калктуу конуштарынын аймагындагы айдоо талаасында болду. Учак кулаган жерден өрт чыгып, аймакты кара түтүн каптаган.
Кырсыктын кесепетинен 1973-жылы туулган аскердик учкуч набыт болду. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнү маалым болду.