Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кайыңды жайлоосунда көпүрөнүн жараксыз абалга келгени аныкталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Таш-Короо кыштагындагы Кайыңды суусунун үстүндөгү көпүрөнүн абалын текшерүү үчүн ыкчам топ жерине барган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө көпүрөнүн бетон конструкциясын суу жеп, жараксыз абалга келгендиги белгилүү болгон.
Учурда көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине Ак-Суу райондук Жайыт комитети жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тартылууда.