Жогорку Кеңештеги Экономикалык жана фискалдык комитетинин жыйынында Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетинде адамдардан акча алып өткөрүү жана жаралып жаткан тыгын боюнча маселе көтөрүлдү.
Эл өкүлү Айнура Осмонова Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаевге кайрылып: "Чек ара кызматынын кызматкерлери "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетинен өткөндөрдүн ар биринен 300 сомдон 500 сомго чейин акча алып жатканын айтып чыккам. Азыр укмуш тыгын болуп, баш аламандык болуп жатат. Эмне иштер аткарылып жатат?" деп суроо салды.
Алимбаев тыгындын жаралып жатканынын себебин түшүндүрүп берди."Өзбекстан менен болгон келишимдин негизинде эки өлкө ортосунда жалпы 15 көзөмөл-өткөрүү жайы иштеш керек. Бирок өткөн жылдан бери үч эле өткөрүү жайы иштеп жатат. Эң эле көйгөй жаратып жатканы "Достук" өткөрүү бекети болуп жатат. Себеби дем алыш күндөрү кирип-чыккандардын саны көп болууда. Чынында тыгындын биз тарапта болуп жатканы элдин көптүгүндө жана Өзбекстанга өтүп бараткандардын өзү менен кошо жүк алып өтүүсү түрткү болуп жатат. Ал эми кызматкерлердин акча алып жатканы боюнча тана албайм, бирок дагы текшеребиз", - деди Алимбеков.
Эл өкүлдөрү аталган өткөрүү жайындагы көйгөйлөр бир ай мурун дагы көтөрүлгөнүн эске салып, тез арада жоюу тапшырмасын коюшту.