СУПЕРСТАН: Мен кандай келинге кошулам? Баарын жасадым, бирок эч кимисине жакпадым

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келин барган жеринде..." деген тема талкууга алынган.

Автор: "Салам, достор! Оюңарды билейин дегем, келин барган жеринде кандай кызмат кылуусу керек?" деген суроосун калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Келин" темасы бүтпөс дастан болду го чиркин..."

- "Келин - барган жеринде ошол үйдүн түндүгүн бекемдөөчү, тукумун улоочу, жакшысын ашырып, жаманын жашыруучу, ыйман, арын сактап, туугандарына жарык кабак менен эшигин ачуучу, балдарына татыктуу тарбия берүүчү, күйөөсү таап келген ырыскыны сарамжалдуу пайдалануучу.
Бирөөнүн асыл жары, балдарынын мээримдүү апасы, бир үйдүн куту. Келгенде чырпык болсо, акырында кербен шаардай болгон саябандуу мөмөлүү дарак болот. Келин деген биздин "отубуз менен кирип, күлүбүз менен чыкчу" жумшоочу кул эмес".

- "Келин барган жерине жан дили менен кызмат кылыш керек, оокат жасап, тиричилик кылгандан эч кимдин жаны чыгып кеткен эмес. Жалкоолонбой, буту-колуң үзүлгөнчө чуркап жардамдашып кызмат кылсаң, алкышка эле татыйсың. Колдун учу менен кыймылдабай, кабак бүркөбөй кызмат кылыш керек".

- "Кээ бир иштерди чукуп, кырып-тазалап, айттырбай массаждан бери жасап, тамак-ашка, үйүңө жетишип турсаң эле сени да сыйлашат. Эң негизгиси күлүп тур".

- "Мен кандай келинге кошулам? Эч качан үйүмө бир сөз айтып барган жокмун, колумдан келсе да, келбесе да бардык жумушту жасадым, бир да жолу бир туугандарды бири-бири менен уруштурган жокмун, эки кыздын апасы болдум, бирок эч кимисине жакпадым. Анткени күйөөм баары каршы болсо да үйлөнгөн, бирок азыр мага эмес, бир туугандарынын, апасынын сөзүнө ишенет. А мен чарчадым, эмне кылам?"

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dastan.bujun
2018-05-22 23:02:35
Кытышкан артынды озундон башка эч ким жакшы тырмай албайт.
Эмне кылсан ошо кыл
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан