"Чиновник Санавиацияны Кочкорго себепсиз чакыртты", - деген маалымат боюнча Эсептөө палатасы кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу 22-майда Эсептөө палатасынын маалымат катчысы SUPER.KG порталына билдирди.
Маалымат катчынын билдирүүсүнө ылайык, социалдык тармактарга жана ЖМКга "Эсептөө палатасындагы чиновник тууганы реаниматологдорго муктаж болбосо да санавиацияны чакыртып, убарага салды", - деген маалымат тарагандан кийин дароо кызматтык иликтөөнү баштаган.
"Учурда бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, айтылып жаткан кептердин чоо-жайы иликтенүүдө. Эгерде иликтөөнүн жыйынтыгында чын эле Эсептөө палатасынын кызматкери тарабынан кызматынан пайдалануу, эрежелерди бузуу болгон болсо катуу чара көрүлөт", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
Буга чейин социалдык тармактын Нурзат Жумалиева аттуу колдонуучусу 8 сааттык убактысын Эсептөө палатасындагы чиновниктин тууганы үчүн Кочкорго барып келүүгө коротконун, чынында бейтап реаниматологго муктаж болбогонун билдирип пост жазганы маалымдалган.
Анын бул постун дагы бир колдонуучу колдой турганын айтып чыккан. Ал дарыгерлерге карата чиновниктер тарабынан мындай мамиле көп эле жасаларын белгилеп, Эсептөө палатасында иштеп, санавиацияны чакыртты делген кызматкердин аты-жөнүн да жазган эле.
Бул боюнча маалымат катчы: "Мен чынында Эсептөө палатасында көп жылдан бери иштейм, көбүн тааныйм. Бирок инспекторлор көп, баарын жатка билбейсиң. Бизде ушундай кызматкер бар же жок деп айта албайм. Баары кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болот", - деди.