Туризмди өнүктүрүү багытындагы Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы талкууланды

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында туризмди өнүктүрүү багытындагы Жогорку Кеңештин 2017-жылы кабыл алган токтомунун аткарылышы талкууланды. Токтомдун аткарылышы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баяндама жасады. Анын айтымында, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу үчүн өкмөт тарабынан тийиштүү иштер аткарылууда.

"Өлкөнүн туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн алдыга жылдыруу үчүн 2018-2023-жылдарга карата программа кабыл алуу боюнча токтом долбоору иштелип чыккан. Ага өкмөттүн бардык бөлүмдөрү тарабынан макулдук берилген. Аны ишке ашыруу үчүн 38 миллион сом керек", - деди Өмүрбекова.

Андан сырткары Өмүрбекова чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук визаны киргизүү иштери да жолго салынганын кошумчалады. Анын айтымында 2017-жылдын 1-сентябрынан бери 13 миңден ашуун электрондук виза берилген, анын 10 миңден ашууну туристтик максатта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан