Биринчи вице-премьер Тогуз-Тородо имараты өрттөлгөн "Джи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 22-майда, Тогуз-Торо районунда имараты өрттөлгөн "Джи Эл Макмал Девелопинг" ЖЧКсынын жетекчилиги менен жолугушту. Аталган маалыматты өкмөттөн таратышты.

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар 2018-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында "Джи Эл Макмал Девелопинг" ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү фабрикасынын аймагында болгон өрт окуясын талкуулашты.

Компаниянын жетекчилигинин маалыматы боюнча, болжолдуу зыяндын суммасы 2,3 миллион АКШ долларын түзөт.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов окуяны тергөөнүн жыйынтыктарын күтүп, баш аламандыктардын уюштуруучуларын аныктоо зарылдыгын баса белгиледи.

Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын өкмөтү чет элдик инвесторлорго жана тоо-кен иштетүү тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

"Чет элдик инвесторлор менен натыйжалуу кызматташуу - биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. 11-апрелде болгон жагдайды тергөө маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат. Бул маселе боюнча бардык аракеттер мыйзамдын гана алкагында жүрүшү керектигин баса белгилейм", - деди вице-премьер.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Джи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын өкүлдөрү мындан ары да Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартууга ниеттенишерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
fantomas
2018-05-22 20:35:46
Мына Сокенин ишенген акмак бийлиги!!! Кытайларга ийилип "хуп" деп отурат бужуроп... Ой, акмак болушпаса сурабайбы, эмнеге ал жерге мыйзамсыз курулуш кургансын деп?!!

Дагы жакшы кытайлар 2,3 млрд доллар деп айтпаптыр, ошондо да Окмот толоп беребиз демек!!!

Биринчиден орттон келтирилген зыян болсо болсо 2,3 млн сомго жетет, 2,3млн доллар эмес. Окмот айтпайбы, кайдагы 2,3 млн доллар, бул кайсы жомрктон узунду деп!!!
+5
fantomas
2018-05-22 20:39:26
Экинчиден мыйзамсыз курулуштар сурдурулуп эле келет, ал учун ушул кунго келип мамлекет мыйзамсыз курулушчуларга компенсация толоп бергенин уктунар беле?!! Эмнеге эми биз кытайларга компенсация толоп беришибиз керек?!!

Кереги жок андай инвесторлордун... Кана, ошончо алтын-кумуш казылып эллие жашоосу онолгону?!!

Соке иштеп жатат дегендер, ушулбу Сокегердин иштегени?!! Кытайларга бар жогол, чык эшикке деп айтууга Сокенердин духу жетпедиби?!!
+4
fantomas
2018-05-22 20:42:53
Анан калса учурда баягы эле эл куноолуу!!! Ал эми эл эмнеге куноолуу болушу керек?!! Жер элдики, байлык элдики, эл болсо ал жерге завод курууга каршы чыкты, кен байлыктын уурдалышынп каршы чыкты. Бул элдин мудоосу. Ошондо Тогуз Тороонун эли митингге чыкканда бийликтен ким барып элдин талаптарын угуп келди?!!

Эмнеге бугун эл менен эсептешпеген бийлик жооп бербейт, эмнеге мыйзамсыз документ жасаган органдар жооп бербейт?!!
+4
fantomas
2018-05-22 20:46:19
Бийликтин чыныгы ээси ЭЛ деп баш мыйзам конституцияда корсотулуп жатса, эл чогулуп бул жерге завод курулбасын деп жатса, эмнеге бийлик ЭЛ менен эсептешпейт да, кийин эл айла кеткенде орттоп жиберсе, бийлик элди камап, кытайлардын астында бужуроп, 2,3 миллион доллар толоп берууго макул болуп жатат?!!

Окмот тушундурсун оз позициясын!!! Соке тушундурсун оз позициясын!!! Жарым жылда Сокенер кадр алмаштыргандан башка эмне иш жасады, айткылачы?!! Алмаштырган кадрлары же тузук болсочу
+4
fantomas
2018-05-22 21:16:15
Анан калса Тогуз-Торо эмес, Тогуз-Тороо деп жазылат, урматтуу журналисттер.
+3
admin_superstan
2018-05-23 11:41:32
fantomas, Саламатсызбы! Туура жазылган.
0
fantomas
2018-05-22 21:19:55
Мен президент болсом, мыйзамсыз курулуш курган кытайлык компаниянын жетекчилери менен, ошол мыйзамсыз курулушка коз жумган, тиешелуу атка минерлерди, чиновниктерди каматмакмын...

Булар болсо Окмот башы менен бужурошот баары эле, кытай корсо... Куноо кытайларда болсо да, ооз ачып ошону айта албай кайра хуп деп отурат Сокенин ишенген кадрлары...
+4
aydinnur
2018-05-22 21:57:57
Уюштуруучуларды аныктап камабаса инвесторлор келиши кыйыыын..
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан