Алимент төлөбөгөндөрдүн сүрөтүн жана маалыматтарын укуктуу мамлекеттик органдын сайтына жайгаштыруу сунушталууда

22-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоору үй-бүлөнү, энени, атаны жана баланы коргоого, алименттик милдеттенмелерди жөнгө салууга багытталган. Мыйзам долбоорунда сот аткаруучуларына алименттик милдеттенмелерге тийиштүү аткаруу баракчаларынын аткарылышына кошумча механизмдер каралган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Максат Сабиров. Анын айтымында, 2017-жылдын 1-июлунда “Сот аткаруучулары жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” жаӊы мыйзам ишке киргизилген жана “Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү тууралуу жана сот аткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзам күчүн жоготкон. Ушуга байланыштуу жаӊы мыйзамды алименттик милдеттенмелер боюнча жаңы ченемдер менен толуктоо зарылдыгы келип чыккан.

Долбоор аркылуу сот аткаруучунун укуктары алимент төлөөчүнүн атайын укуктарды пайдалануусуна убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жана укуктуу мамлекеттик органынын расмий сайтына алимент төлөөчүнүн сүрөтүн жана маалыматтарын жайгаштыруу укугу менен толукталууда.

Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактыруу чечимине келишти. Ошону менен катар алименттик милдеттемелер боюнча аткаруу баракчаларындагы аткаруу механизмдерине так аныктама берүү зарылдыгын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Stervamyn
2018-05-23 07:53:41
Колдойм.Бывший куйоомдун суротун жибермекмин сразу))
+9
anara870693
2018-05-23 12:20:41
Мен дагы колдойм, 2 жылдан ашты ажырашканыбызга кызына бии дагы жардым бербейт или отказ жазып бербейт фамилиясын озумо откоруп алайын десем. Каждый раз доверенность жазып берип коесунбу биз Кыргызстанга кетип атабыз деп жалдырап суранмай!
+4
alina051506
2018-05-23 13:27:31
Менда колдоймун себеби 5 жылдан бери алимент ала элекмин Ушул нерседен пайдаланып айтып кетким келди эгер алимент толобой жардам бербесе анда озуну да балдарында кыйнабай.Отказной кылдырса болбойбу?Ушул нерсени кучтуу кармаса болбок.Алимент толбобой жургондорго сабак болмок ошондо алиментти оз убагында толонот беле.
+1
alina051506
2018-05-23 13:34:46
Алиментти толобой жургондорго тез арада чара корулсо болмок себеби бизде кыргызстанда ото коп экен бул жерде эне бала эле кыйналып жатат бирого коз каранды болуп себеби атасын уруксаты жок эч нерсе кылалбай жатышат эгер ал убагында алимент толобой жатса ал аталык укуктан ажыратылыш керек.
+1
alina051506
2018-05-23 13:50:18
Бизге алимент 1айга 3900сом+1800 сом бул балага каражат акча балага деп соттон чечим чыккан себеби бала 2чи групада болчу.Айына 5700 сом толош керек болчу тилеке каршы 57 сом да толобой жатат.Бала быйыл 3 жолу операция болот эгер ошондо дагы жардам бербесе мен ойлонуп жатам аталык укуктан ажыратсам болобу менин укгум барбы???Ким колдойт ушул нерсени??Балам пенсия алат 1айга 3 мин сом сен ошол акчаны алып жатасын деп алимент толобой жатат.Баланын пенсиясы алиментке тийешеси барбы?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан