Президент Сооронбай Жээнбеков 22-майда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Томас Гремингерди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Маалыматка караганда, президент ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингердин Кыргыз мамлекетине келиши өлкөдөгү жүрүп жаткан демократиялык реформалар жана өнүгүүнүн тандап алган саясий багыты ЕККУ тарабынан колдоого алынып жаткандыгын көрсөтүп турарын белгиледи.
"2005 жана 2010-жылы Кыргыз жергесинде болуп өткөн окуялар диктатуранын жана парламенттик демократиянын кагылышы болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун, анын ичинде ЕККУнун да колдоосу менен өлкөбүз оор сыноолордон өтүп, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калдык. Өткөн президенттик шайлоо Кыргыз өлкөсүнүн демократиялык жол менен кетип жаткандыгынын ишенимдүү далили болуп саналат. Биз парламентаризмди тандап алдык жана бул жолдон тайбайбыз, анткени мамлекеттин келечеги - парламенттик демократияга байланыштуу", - деди өлкө башчы.
Томас Гремингер Кыргыз өлкөсүндө демократиялык институттар ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, республикадагы адам укуктарын коргоо боюнча жакшы жагдайларга токтолду.
"Биз сөз эркиндигин коргоого багытталган сиздин чечимдериңизди канааттануу менен кабыл алдык. Ошондой эле биз сиздин жарандык сектордун өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын баалаганыңызга кубанычтабыз. ЕККУ мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, сөз эркиндигин жана адам укугун коргоо, жарандык коомду колдоо сыяктуу принциптерге таянган парламенттик демократияны бекемдөө иштеринде Кыргыз өлкөсүн колдойт", - деди Гремингер.