ӨКМ: "Кара-Көлдө 174 турак жай суу каптоо коркунучунда турат"

Кара-Көл шаарында 174 турак жай суу каптоо коркунучунда турат. Бул тууралуу 23-майда ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов аталган шаардын тургундары менен жолугушуп, коркунуч жаратып жаткан Кара-Суу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери аткарыла турганын убада кылды.

"Каражат маселеси тартыш, бирок мындай кооптуу аймактарда жумуш жүргүзбөсөк болбойт. Анткени суу дарыядан ашып же тосмо, көпүрөлөрдү агызып кетсе, чыгым андан бир нече эсе көп болуп калуусу мүмкүн. Ошондуктан быйылкы жылдын планына дарыянын 3 чакырым аралыгын киргизип, алдын алуу жумуштарын жасап туралы", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан