Унаа сүзүп кеткен 2 баланын апасы балдарын “Дордой” базарында даараткана жууп багып келген. Бул тууралуу балдардын апасы Гүлнур айым SUPER.KG порталына айтып берди.
"Мен жумушта болгонум үчүн кызым уулумду бала бакчадан өзү эле алып келчү. Өзүм даараткана жууп каражат табам. Эки балам менен батирде турабыз. Жолдошум менен ажырашып кеткениме көп болду. Кырсык тууралуу угуп, аны интернеттен көргөндөн бери өзүмө келе албай жатам. Окуя тууралуу атама, жакындарыма айта албай койдум. Кызымдын дагы төрөлгөндөн бери көзү ооруйт. Буга чейин 5-6 жолу көзүнө операция жасалган. Тапкан каражатымдын көбү анын дары-дармегине жумшалат. Азыр балдарымды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу дары-дармек алып берип, каралашып жатат. Мен иштеген жердеги тааныштарым да акча чогултуп жардам көрсөтүштү. Азыр бардык ишти таштап, ооруканада балдарымды карап жатам", - дейт Гулнур айым.
Айта кетсек, 21-май күнү саат 16:00 чамасында Бишкек шаарынын "Дордой" базарына жакын жердеги айланма жолдо МАН үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа 2 баланы сүзүп кеткени кабарланган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" унаасы келип балдарды Бишкек шаардык №3-ооруканасына алып кеткен.
Бул иш боюнча Аламүдүн райондук ыкчам-тергөө тобу тарабынан жол кырсыгынын себептери аныкталып, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.