Жарнаманы ката жазгандарга айып пул салуу сунушталууда. Буга байланышкан мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 23-майдагы жыйынында биринчи окууда каралууда. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин айтымында, жарнама кыргыз, орус жана англис тилинде жазылганына карабай катасыз жазылуусу керек. Бирок биринчи орунда кыргыз тилинде жазылууга тийиш. Мыйзам долбооруна ылайык, ката жазылган жарнама үчүн жеке жактарга 1 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салуу каралган. Ошондой эле жарнактардын туура жазылышын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлө турганы көрсөтүлгөн.
"Төлөнүп алынган айып пулдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эсебине түшөт. Эгерде салынган айыпка жарнама жарыялаган адам макул болбосо, сот аркылуу чечсе болот", - деди депутат Эмил Токтошев.