Жалпыга маалымдоо каражаттарынын көбү саясатчыларга таандык. Бул журналистикадагы эң башкы көйгөй. Мындай пикирин бүгүн, 23-майда өткөн сөз эркиндиги боюнча тегерек столдо журналист Дина Маслова айтты.
"Массалык маалымат каражаттарынын басымдуусу саясатчыларга, бийликтегилерге таандык болуп жатса, журналисттердин кайсы тилектештиги, биримдиги жөнүндө сөз кыла алабыз? Учурда жалпы коомдун өзүндө көйгөйлөр бар, коомдун бир бөлүгү катары журналисттик чөйрөдө да ошол эле маселелер бар. Журналистика тармагы коомдон өзүнчө боло албайт, ошондуктан жалпы өлкөдөгү көйгөй журналистикага таасирин тийгизет.
ЖМКлар саясатчыларга тийиштүү болуп жатса, көз карандысыздык болбойт. Окууну жаңы бүткөн журналист журналистикага аралашат да, журналистика ушундай турбайбы деп түшүнүп алат. Чындыгында журналистика - башка нерсе", - деди Маслова.