Депутаттар телеканалдар аркылуу берилип жаткан жарнамалардын мазмунуна тынчсызданышууда

Жогорку Кеңештин 23-майдагы жыйынында жарнаманы ката жазгандарга айып пул салууга багытталган мыйзам долбоору талкууланууда. Жыйын учурунда депутаттар телеканалдар аркылуу берилип жаткан жарнамалардын мазмунуна тынчсызданып жатышканын айтышты. Депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, бардык эле телеканалдар туура эмес жарнамаларды берип жатышат.

"Телеканалдардан берилип жаткан жарнамаларга көзөмөл жок. Айрымдарынын мазмуну уят нерселерге багытталган. Аны жаш балдар көрүп жатат. Андан сырткары астында кетип жаткан жүгүрмө саптардын мазмунунда, жазылышында орой катачылыктар бар. Көзөмөл керек", - деди Жээнчороев.

Анын мындай пикирин башка эл өкүлдөрү дагы колдоого алышып, көзөмөлдү күчөтүүнүн зарылдыгына токтолушту.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жарнама боюнча телеканалдар менен тыгыз иштешип жатканын айтты.

"Биздин комиссияда котормо бөлүмү бар. Ал бөлүм бүт телеканалдар менен тыгыз иштешип келет. Бирок иш жеңил болбогондуктан айрым катачылыктарга орун берилип кетип жатат", - деп жооп берди Ишекеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dosym
2018-05-23 13:29:08
Туура айтат, ОшТВ ны көзөмөлдөш керек, гинекология, урологияны реклама кыла берип тажатты
+2
nelli
2018-05-23 23:02:05
КТР дин озундо Тайланд деп чааакчайып чыгып журду го, 1 кундо 99 жолу))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан