Кочкор райондук аймактык ооруканасынан Бишкектеги Улуттук госпиталга санавиация аркылуу алынып келген бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу госпиталдын Ыкчам жана пландык кеңеш берүү медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн (санавиация) башчысы Нарынбек Акматов SUPER.KG порталына бүгүн, 23-майда билдирди.
Анын айтымында, санавиацияга 21-майда саат 15:40 чамасында Кочкор райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Жумадилов чалган. Ал ооруканадагы 16 жаштагы кыздын абалы 3 күндөн бери оор болуп, калтырап жатканын айткан. Бейтап орозо кармап, эсин жоготуп жыгылып, калтырак баса баштаганда Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган.
"Адегенде Кочкор районундагы дарыгерлерге биздеги невролог Алымкулов кеңеш берген. Анда бейтаптын абалы туруктуу делген. Ошондо Кочкордон Бишкекке унаа менен эле алып келүү сунушталган. Бирок райондогу дарыгерлер бейтаптын абалынын оордугунан чочулашты. Буга байланыштуу ошол эле күнү саат 17:30да невролог жана реаниматолог дарыгерлердин тобу санавиация менен Кочкорго барышты. Саат 20:30да невролог бейтапты текшерүүдөн өткөрүп түшүнүксүз этиологиядагы калтырак синдрому деген аныктама койгон. Кочкор райондук ооруканасынын неврологунун талабы менен Улуттук госпиталдын интенсивдик терапия бөлүмүнө жаткырылды. Учурда абалы оор, өз алдынча кыймылдай албайт", - деди Акматов.
Ошондой эле ал санавиацияны аталган бейтапка жөнөтүү жөнсүз болбогонун белгилеп, мындай кабарды тараткан кызматкер менен бүгүн жолугушуп, окуянын чоо-жайын сүйлөшө турганын кошумчалады.
"Менде бул бейтап Эсептөө палатасынын өкүлүнүн тууганы же дагы башка чиновниктин тууганы деген маалыматтар жок. Ошондой болсо да, болбосо да бул учурда ушундай кадам жасалмак. Өзүңүздөр ойлонуп көрүңүздөр, 16 жаштагы жаш кыз, 3 күндөн бери эсин жоготуп калтырап жатса аракет көрүлүшү керек да. Ал эми реаниматолог Нурзат Жумалиева менен Эсептөө палатасынын кызматкери санавиацияны жөнсүз чакыртты деген маалыматты тараткандыгы боюнча бүгүн сүйлөшөм", - деп кошумчалады Акматов.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактын Нурзат Жумалиева аттуу колдонуучусу Эсептөө палатасындагы аткаминер аял тууганы үчүн санавиацияны жөнсүз чакырткандыгы боюнча маалымат таратып, анын бул билдирүүсү интернетте кызуу талкуу жараткан. Андан соң Эсептөө палатасы бул билдирүү боюнча мекемеде атайын комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө башталганын кабарлаган.