Жогорку Кеңештин бүгүн, 23-майдагы жыйынында 5-каналды сатуу боюнча Дастан Бекешев тарабынан сунушталган демилге каралууда. Ал үчүн 5-каналды парламенттик канал кылуу боюнча V чакырылыштагы депутаттар кабыл алган мыйзамды жокко чыгаруусу керек. Эл өкүлүнүн айтымында, 5-каналды паламентке алуу боюнча мыйзам кабыл алынганы менен ишке ашкан эмес.
"Канал юридикалык жагынан парламенттик болгону менен факты түрүндө парламенттик эмес болууда. Анын үстүнө 85 миллион сом карызы бар экен. Парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдырууга "Пирамида" каналы жетиштүү болот", - деди Бекешев.
Бирок бир катар депутаттар каналды сатууга каршы болушууда. Алар каналды парламенттен өкмөткө өткөрүп берүү керектигин айтышууда.