Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 23-майда түшкү тыныгуусуз иштеп жатышат. Жыйын учурунда депутат Тазабек Икрамов эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү орозо кармап жаткандыктан түшкү тыныгуусуз иштөөнү сунуштады. "Азыр баары эле орозо. Ошондуктан тыныгуусу жок эле иштейли деп сунуштайм", - деди Икрамов.
Төрага Дастан Жумабеков сунушту добушка коюп, 58 депутат колдоого алды. Жогорку Кеңештин тыныгуусу саат 13:00дөн 14:00гө чейин болот.
Учурда жалпы жыйында Жогорку Соттун судьяларын шайлоо жөнүндө маселе каралууда.