Жогорку Кеңеште Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди тандоо маселеси каралып жатат. Сунушталган талапкерлер: Кыдык Жунушбаев, Нургүл Бакирова, Айдарбек Алымкулов, Дамира Орозова жана Ирина Воронцова. Депутат Жанар Акаев бешөө тең Манас Арабаевдин кадрлары экендигин айтып, баарын өткөрбөй коюуну сунуштады. Дептутат Каныбек Иманалиев ар биринин деңгээлин, иштөө дараметин билүү үчүн суроо-жоопко убакыт суранды. Учурда суроо-жооп уланууда.
Депутат Рыскелди Момбеков өлкөнү артка тартып жаткан соттук реформа болуп жатканын белгиледи. "Биз булардын айлыктарын 5 эсе көбөйттүк, булар элдин ишенимин 5 эсе төмөндөттү. Жанар Акаев "сотторго элдин 90 пайызы ишенбейт" деп жатат. Мен 99,90 пайыз ишенбейт деп айтам. Бул жерде отургандардын баарын электен өткөрүү керек. Бүтүндөй ишке көө жаап, өлкөнү артка тартып жаткан ушул соттук реформа болуп жатат", - деди Момбеков.
Учурда депутаттардын арасында шайлоо өткөрүү боюнча комиссия түзүлүп, бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүгө даярдык көрүп жатышат.