Ысык-Көлдүн жээгинен жансыз дене табылды (абайлаңыз, сүрөт)

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Өрүк айылында көлдүн жээгинен жансыз дене табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жансыз дене 20-май күнү Кызыл-Өрүк айылында көлдүн жээгинен табылган.

"Маркумдун денесине кароо жүргүзгөндө кыйнап өлтүрүү белгилери болгон эмес. Ал күрөң түстөгү футболка, кара түстөгү шым, ак майка, бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Өзгөчө белгилери: жаш курагы болжол менен 40-45тер чамасында. Учурда каза болгон жарандын өздүгүн аныктоо иш-чаралары жүрүүдө", - деп билдирет РИИБден.

Сүрөттөгү адам тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо, Ысык-Көл РИИБи төмөндөгү номерлерине байланышып коюну өтүнөт. 0500 50 11 65, 0709 39 39 23.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Zainidin96
2018-05-23 15:10:36
Оорудан каза болушу мумкун жаткан жери жайлуу болсун
0
surgeon777
2018-05-24 01:50:37
Жаткан жери жайлуу болсун!
Ылайым Жаратканым баардыгыбызга узак жаш берип,жылуу тошокто,небере-чоборонун жанында оз ажалыбыз менен жалган жашоо менен коштошоорубузду берсин,боодо кырсыктан сактасын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан