SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттерди ала качса болобу?" деген тема талкууга алынган.
Автор: "Ойлонуп анан жаз. Коркпо, ала качпайм", - деген билдирүүсүн калтырган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
- "Элестетип жатам, чогулган кыздар келип баланы эшикке чакырып, ала качып баратышканын. Көрсөм күлөмбү же оозумду ачып каламбы, билбейм. Болгону ал жигит уят болот болуш керек. Эмне кызды ала качканга духу жетпей койдубу деп? Ошон үчүн өзүңөр эле ойлоп көргүлө!"
- "Эркектерди ала качып, отурбай жатат, "тиги жаман жигит экен" деп жатышканын, элестетип көр. Бул болбогон иш. Ала качуу мырзалар үчүн гана".
- "Элестетип жатам, топ кыздар келип, жигитти машинага салып жаткандарын. Эмне үйүнө алып барып калпак кийгизип, отургузуп коёт беле? Чын эле кызыктуу экен, бирок заман өзгөрүп жатпайбы, 100 жыл, 1000 жыл кийин ушундай болушу мүмкүн. "Кыз сүйсө калат, жигит сүйсө алат" деген тескерисинче болуп отурса, элестете бергиле".
- "Мен бирөөлөрдөн уктум эле, кыз жигитти ала качканын, бирок анын канчалык деңгээлде чын же калп экенин билбейм. Ал окуя мындай болуптур. Бир көлдүк кыз бир бала менен таанышып калып, ал баланы жакшы көрүп калат. Анан ал баланы үйүнө конокко чакырат экен. Үйүнө конокко барган баланы кыз жакшы көрүп калгандыгын ата-энесине айтат. Ошондо кыздын ата-энеси балага калпак кийгизген экен (намёк кылып). Кийин бала өз ата-энесине айтып, кыздын колун сурап барып үйлөнгөн экен".
- "Шумдугуң кур, дагы эмненин башын баштадыңар? Ушундай да болмок беле? Ала качуу силерге эле буюрган, көңүлүн таба албаган кызыңарды койдой сүйрөп унаага салуу силердин эле "кесибиңер". Өзүңөр эле кылган ишиңердин үзүрүн көрө бергиле!"
- "Аябай сонун тема го! Эркекти алып качып келип, калпактан кийгизишип, бала болсо "жок отурбайм, кетем", - деп ыйлап жатса, бир аз боло турган ишти ойлонолу".
- "Белгилүү эле бир ырчы эжебиз, өзүнүн күйөөсүн ала качып алган деген сөздү уккан эмессиңерби? Ал байкебиз дагы аябай мамлекеттик чоң кызматты ээлеп жүргөн. Тааныбасаңар, таап көргүлөчү ким жөнүндө сөз болгонун... Ал киши калпак кийип отуруп калганы үчүн жаздым".
- "Аябай жакшы тема экен. Кийинки муун бара-бара эркектерди деле ала качып калат болуш керек, ишениш жок го азыр. Азыркы учурда деле көпчүлүк эркектер өзүнүн ролун аялдарга алмаштырып үйдө отургандары канча?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.