Жогорку Кеңеште Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди тандоо маселеси каралып жатат. Депутат Жанар Акаев аларды саясий буйрукту аткаруудан алыс болууга чакырды.
"Мындан нары Ак Үйдө Манас Арабаев дегендер же алардын ишин улантуучулар болбошу керек. Өлкөдө эки ирет болгон революция Айдар же Максимдин айынан эмес, дал ошол сотторго болгон нааразычылыктардын күчөп кетишинен улам болду. Соттон түңүлгөн адам көчөгө чыгып ар кандай кадамдарга барууга даяр болот. Мен бул талапкерлерди жалданма же начар адамдар деген жокмун. Булардын да адилет чечим чыгарып, элге кызмат кылайын деген ою бар. Бирок мен ар бир талапкер боюнча кызыгып, карап чыктым. Манас Арабаев менен иштешкен эмеспиз, тааныбайбыз дегендей кылып жатасыздар. Жалган айтып жатасыздар. Ал эми саясий буйрукту аткарбай койгон соттор аз болуп жатат", - деди Акаев.
Жогорку Кеңеште Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди тандоо маселеси каралып жатат. Сунушталган талапкерлер: Кыдык Жунушбаев, Нургүл Бакирова, Айдарбек Алымкулов, Дамира Орозова жана Ирина Воронцова.