Сооронбай Жээнбеков коррупцияны ким ооздукташы керектигин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Жамшитов өлкө башчыга Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы жана соттук реформа тууралуу маалымат берди.

Президент прокуратура органдары коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти улантууга тийиш экенин жана максатка жетүү үчүн колдо бар ресурстардын баарын колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жакында кол коюлган документтердин - Сот реформасы боюнча кеңештин чечимин жана соттук-укуктук реформаны ыкчамдатууга багытталган президенттин жарлыгын аткарууга өзгөчө көңүл бурду.

"Башкы прокуратуранын кызматкерлери коорупцияга каршы күрөштүн башында туруп, аны ооздукташы керек", - деп баса белгиледи президент.

Өткүрбек Жамшитов Башкы прокуратура тарабынан бир нече жумушчу топтор түзүлүп, аларга коюлган милдеттерди аткарууга байланыштуу маселелерди иштеп чыгуу тапшырылганын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан