Жалал-Абадда Акыркы коңгуроодо окуучуларды унаасы менен сейилдөөгө алып чыккан айдоочуларга чара көрүлөрү эскертилди

Жалал-Абадда Акыркы коңгуроодо окуучуларды унаасы менен сейилдөөгө алып чыккан айдоочуларга чара көрүлөрү эскертилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облусундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы эл ташыган каттамдардын жана үлпөт тойлордо, салтанаттарда коштоп жүрүүчү кымбат баалуу унаалардын ээлери менен жолугушту. Аларга окуучуларды унаалары менен ташыганы же кандайдыр бир салтанаттуу иш-чараларга катышканы аныкталса катуу чаралар көрүлөрү эскертилди. Ошондой эле алардын ар бирин кол койдуруп алышты. Бул иш-чара азыр Жалал-Абад шаарынын аймагында өткөрүлдү, бирок облус боюнча эскертүүлөр айтылат, облус аймагында кармалган айдоочуларга да чаралар көрүлөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tttalant
2018-05-23 21:08:43
Мыйзамга баш ийсе жол кырсык азаймак туура кылат мен колдойм....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан