Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлерди тандоо маселеси каралып, учурда добуш берүү жараяны өтүүдө. Эсептөө комиссия тарабынан ар бир судьяга өз өзүнчө бюллетень даярдалып, добуш жашыруун берилип жатат. Комиссиянын төрагасы болгон депутат Талант Мамытов: "Урматтуу депутаттар, ар бир талапкерге өз өзүнчө бюллетень даярдалды. Демек, 5 талапкер үчүн 5 түрдүү бюллетень бар", - деп айтты.
Суроо-жооп учурунда жалпы 30га чукул депутат сөз сүйлөп, айрымдары талапкерлерди колдоого ала турганын айтышты. Ошол эле учурда кээ бир депутаттар элдин сотторго болгон ишеними төмөндүгүн белгилеп, кесиптештерин 5 талапкерди тең колдобоого чакырышкан.
Сунушталган талапкерлер: Кыдык Жунушбаев, Нургүл Бакирова, Айдарбек Алымкулов, Дамира Орозова жана Ирина Воронцова.