Жаңы шайланган судьялар оор кылмыш жасагандарды өлүм жазасына тартуу боюнча пикирлерин билдиришти

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында Жогорку Соттун судьялыгына президент тарабынан сунушталган 5 талапкерге жашыруун добуш берип, 2 талапкерди жактырып, калган үч талапкер колдоо тапкан жок. Суроо-жооп учурунда депутат Бакирдин Субанбеков аларга кайрылып: "Мурун Кылмыш-жаза кодексинде эң оор кылмыш жасагандарга карата атууга өкүм чыкчу эле. Азыр ушул мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө кандай карайсыздар?" - деп суроо салды.

Талапкерлердин бири Кыдык Жунушбаев: "Оор кылмыш жасагандарга өлүм жазасын киргизүү боюнча мен да ушул ойдомун. Бирок эл аралык келишимдерге ылайык өлүм жазасын колдонуу алынып калган", - деп жооп берди.

Экинчи талапкер Нургүл Бакирова өлүм жазасын артыкчылык жана кемчилик жактары бар экенин белгиледи. "Бакирдин Жамалович, бизде өлүм жазасына мораторий бар. Өлүм жазасынын киргизилишине бир коркунуч бар. Себеби тажрыйбамда болгон. Бирөө адам өлтүрүү фактысы боюнча шектелип, 25 жылга соттолуп кеткен экен. Дагы жакшы атылып кеткен эмес. 7 жыл жазасын өтөгөндөн кийин чыныгы кылмышкер табылган. Кийин мурда соттолгон адамга моралдык жана материалдык чыгымдар төлөнүп берилген. Ошондуктан мунун артыкчылыгы дагы, кемчилиги дагы бар. Бирок биздин жүрөгүбүздү өйүп жаткан оор кылмышты жасагандарга өлүм жазасын киргизүү жакшы эле болмок", - деди Бакирова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tolkun555
2018-05-23 23:36:27
Педофиллерди ХХХХХХХХ салыш керек
+4
Zainidin96
2018-05-23 23:43:44
Туура олум жазасын киргизиш керек ошондо оор кылмыш жасагандар азаят беле м: Адам олтуруу зордуктоо ж.б.у.с болмок
+5
NURSAPAR
2018-05-24 00:28:21
Эң туура чоң акча жеген коррупционерлерди президент болгонуна карабай ХХХХХХХ керек болсо өтө эле көөп кетишти. Кылмышка жараша жооп берсин. Колдойм.
+2
amirrus
2018-05-24 08:53:14
коррупционер суткор козун май баскан сотторду эмне кылыш керек?
0
jergetal
2018-05-24 11:01:09
Булар коррупционерлерди өлүм жазасына тартпайт жанакы эле бей бечараларды өлүм жазасына тартам деп коркутуп акча алат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан