Депутат унаа тыгындарын азайтуу үчүн жол чырактагы жашыл түстүн күйүү мөөнөтүн 20 секунд кылууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев Бишкектеги эң негизги көйгөйлөрдү аныктоо үчүн шаардыктардын арасында сурамжылоо жүргүзгөнүн билдирди. Анын айтымында, бишкектиктер унаа тыгындарына, унаа токтотуучу жайлардын аздыгына жана экологиялык абалга нааразы.

"Унаа тыгындары боюнча анализ жүргүзсө болот, бирок эч ким бул ишти жасаган жок. Мисалы, жол чырактагы жашыл түстүн күйүү мөөнөтүн 20 секунд кылса, унаа тыгындары азаймак. Көп кадамдар бар. Унаа токтотуучу жайлар боюнча бир топ иштерди жасаса болот. Экология боюнча өкмөт 37 иш-чара аткарылат деген, бирок жыйынтык жок. Экологияга сөзсүз көңүл буруш керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
juma11anara
2018-05-24 10:39:10
Дагы бир нерсени баштадыбы ушу депутат.
0
momun74
2018-05-24 10:55:09
макул ошентсин бирок Чуй Алматинка кочолорунун кесилиши Чуй Фучик косолору М Гвардия мн Жибек жолу кочолоруно 20секунда туура келбей калатго дейм жолдорду бошотуш керек корунгон жерге машиналарды токтотуп платная стоянка кыла бербей
+2
maks94.kb
2018-05-24 12:01:00
Ушул киши депутат болгонуна суйунтуп эле журсо зынк болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан