Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөр кадрларды биргелешип даярдоону талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев 2018-жылдын 23-майында Астанада өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кезектеги отурумуна катышып келди. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, коргоо министрлери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Мындан сырткары аймактагы аскердик саясий кырдаал талкууланып, аскердик кызматташуунун келечегин жакшыртуу белгиленди.

Жолугушууда каралган эң маанилүү маселе 5 жыл аралыгында кадрларды биргелешип даярдоо жана уюмдун кезектеги иш-чараларын бекитүү болду. Андан тышкары бирдиктүү маалыматтык саясатты иштеп чыгуу жана уюштуруу иш-чараларына байланышкан бир катар документтерге кол коюшту.

Жолугушуунун соңунда “KADEX-2018” V эл аралык курал-жарак жана жабдыктар көрсөтмөсү өттү.

Айта кетсек, 2019-жылы ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жолугушуусу Кыргыз Республикасында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан