Ошто катуу шамал болуп, 5 жашар кызды талдын шагы басып калды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 5 жашар кызды шамалга сынган талдын шагы басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районундагы Карагус айыл аймагында 2018-жылдын 23-май күнү саат 19:50 чамасында катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Жаңы-Талаа айылында 15 турак үйдүн 72 даана шифери, 13 сарайдын 221 даана шифери учуп кеткен. Андан сырткары 5 жаштагы А.кызы.Ы.ны талдын шагы басып, райондук ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы. ӨКМнын Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы окуя болгон жерде маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан