ЭЛДИК КАБАР: Окурман: "Жайга 1 апта калганда өлкөнүн айрым аймактарына кар жаады"

Жайга бир апта калганда Чүйдөгү Чоң-Кемин өрөөнүндө кар жаады. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабарга" билдирип, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Окурмандын маалыматына ылайык, кар 23-майдан 24-майга караган түнү жааган. Аба ырайындагы мындай кескин өзгөрүү буга чейин отургузулган айрым көчөттөргө зыянын тийгизиши мүмкүн. Дагы бир окурман Ак-Суу районундагы Ак-Чий айылына да кар калың түшкөнүн кабарлады.

Буга чейин Ысык-Көлдүн Түп районунда да 20-25 сантиметр кар жааганы маалымдалган эле. Ошондой эле Ош-Бишкек жолундагы Ала-Бел ашуусуна да кар калың түшүп, тазаланбай, тыгын пайда болгон. Ал эми кечээ, 23-майда Таласта катуу шамал катталып, 8 үйдүн чатырын учуруп кеткен.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
surgeon777
2018-05-24 15:44:14
Сонун го!))
-1
nargiz94
2018-05-24 23:52:39
Аллахтын эскертуусу!!! Рамазан айында, сооптуу иштерди коп кылгыла!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан