СУПЕРСТАН: "Түшүмө президенттер, саясатчылар, журналисттер эле кире берет. Силердечи?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Уктаган сайын ар кандай түштөрдү көрөм" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Эртең менен туруп эле түшүңүздү кимге айтарыңызды билбей турасызбы? Анда бул жакка жазып коюңуз.

Достор, араңарда түш жоругандар бар болсо, анда башкалардын түшүн жоруй кетсеңер да болот. А баса, мен бир түшүмдү жазып коёюн, силер жоруп бергиле. Мындан бир жума мурун түшүмө нике шакеги жана мен тааныган бир жигит кирди. Шакектин өлчөмү чоңураак экен. Эми эмне болот?.." деген билдирүүсүн калтырган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Кечээ түшүмдө үйлөнүптүрмүн. Бирок алган аялымдан эмнегедир кайра качып жүрүптүрмүн. Негизи бул сапат мага тиешелүү эмес".

- "Мен түш жоруй алам, бирок кээ бирин эле. Ошентсе да күндө туруп алып бирөөгө жорутуп, анан качан болот деп башты оорутуп отурбай, түшкө ишене бербеш керек. Ар бир күнүбүз бизге күтүлбөгөн белек болуш керек".

- "Мен болсо кечеги түшүмдө кичинекей балдарды көрдүм, аларга окшогон куурчактарды да көрдүм, дагы дубаналар түшүмө кирди, булардын баары жамандык болуш керек. Кимдир-бирөө билсе жоруй кеткилечи, мага кызык болуп жатат. Бирок эртең менен туруп түшүмдү сууга айткам".

- "Мен түшүмдө бирөөлөрдөн качып келе жатып, кир жана терең сууда сүзүп өтүп бара жатыптырмын. Өзүм сууда сүзө албайм, ойгонуп алып таң калып койдум".

- "Ким менен бара жатканым так эсимде жок, айтор, кичинекей каналдын жээгинде эки бала бизди дене тарбия сабагынан окуткан Асылбек агайды аябай катуу сабап жатышыптыр. Мен келесоодой болуп карап тура бердим, анан бир кезде эсиме келип тигилерге шарияттан айтып кирдим. Алар токтоп калышты, мугалим болсо рахмат айтып, эч нерсе болбогондой туруп кетип калса болобу... Тиги экөө уялып калды, мен жолумду уланттым, анан билбейм эмне болгонун... Таң атып калыптыр..."

- "Менин түшүмө көбүнчө саясатчылар, журналисттер кире берет. Калп айтпасам, Курманбек Бакиевди 3-4 жолу түш көрдүм. Бир жолу түшүмдө 2006-жылы болуш керек. Курманбек Бакиев, Кубат Оторбаев, Аскар Акаев, мен жана бир кичинекей кыз болуп, тасма тартуучу залда телеге тартылып, мыйзамдарды талкуулап жатыптырбыз. Анан мага Курманбек Бакиев костюмун, ушул жаш кыз, сен жаап отурчу, үшүп калды деп чечип берген. Дагы бирде Курманбек Бакиев биздин айылга келип, мага тоолоруңарды көрсөтчү деп мени ээрчитип жөнөсө, баягы эле кичинекей кыз мени ээрчип, ыйлап жатат. Айта берсем мындай түштөр өтө көп".

- "Мен форумчуларга кеңеш катары айтып кетет элем, жакшы, маанилүү түш Кудайдан, жаман түш шайтандан. Ким жакшы түш көрсө, аны эч кимге айтпаганы жакшы экен. Ойгонору менен жакшы тилек кылуу керек, ал эми жаман түш көрсө, аны да эч кимге айтпастан ойгонгондо дароо сол жакка 3 жолу түкүрүп коюш керек экен. Эшекти түш көргүлө".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан