Ички иштер министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылат. Мындай билдирүүнү ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта, Акыркы коңгуроо салтанатында ата-энелер балдарын коомдук жайларда укук бузууларга баруусун, спирт ичимдиктерин ичүүсүн же авто бейбаштыктарга баруусун көзөмөлдөөгө чакырат. Ошондой эле иш-чара аяктаган соң балдардын кайда, кимдер менен жүргөндүгүн көзөмөлдөө керектиги айтылат.
"Урматтуу ата-энелер! Балдарыңыздардын мектепти татыктуу бүтүп, эч кырсыксыз майрамдоосун колго алуу сиздердин милдетиңиздер. Ал эми милиция кызматкерлери балдарды кылмыштуу иш-аракеттерден коргоо менен коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо тиешелүү деңгээлде иштерди алып барышат. Анткени балдарыбыздын ден соолугу менен өмүрү башкы орунда турат. Ички иштер министрлиги эскертет: Эгерде бүтүрүүчүлөр кандайдыр бир укук бузууларга жол бере турган болсо, административдик жана кылмыш жоопкерчилилигине тартылып калышы мүмкүн", - деди басма сөз кызматы.