Унааларды каттоо жана кайра каттоо мөөнөтүн 5 күндөн 10 күнгө чейин узартуу сунушталууда. Бул багыттагы мыйзамдын долбоору Жогорку Кеӊеште үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Депутаттардын суроолоруна Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева жооп берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору коррупциялык иштерди четтетүү, жеке жана юридикалык жактардын унаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.
"Азыр каттоо жана кайра каттоо мөөнөтү - 5 жумушчу күн. Бирок 5 күндө унаа ээлери жетишпей калган учурлар болуп жатат. Анткени айрым жумушчу күндөр майрамга туура келип калганда убакыт өтүп кетип жатат. Ошондуктан 10 күнгө жылдырууну сунуш кылуудабыз", - деди Туйбаева.