Мыйзамсыз жүк ташыган чет элдик айдоочуларга салынчу айып пулдун көлөмү 50 миң сомго көтөрүлөт

Мыйзамсыз жүк ташыган чет элдик айдоочуларга салынчу айып пулдун көлөмүн 50 миң сомго көтөрүү сунушталууда. Мындай демилге Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында 2-окууда каралды. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Махабат Мавлянова баяндама жасады. Анын айтымында, чет элдик айдоочу эгерде бир жыл ичинде мыйзамсыз аракетин кайрадан кайталаса, 100 миң сом айыпка жыгылат.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, буга чейин мыйзам бузган чет элдик айдоочуларга 10 миң сомго чейин гана айып пул салынып келген.

"Биздин чет өлкөдө эл, жүк жана унаа ташыган айдоочуларыбыз жол эрежесин одоно бузса, ири көлөмдөгү айып төлөшөт. Биз дагы ири көлөмдө айып салууну сунуштап жатабыз", - деди Мавлянова.

Талкуудан соң депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жиберишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан