Улан Примов: "Жылы эски унааларды өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салуу керек"

Жылы эски унааларды өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салуу керек. Мындай сунушту депутат Улан Примов Жогорку Кеңештин 24-майдагы жыйынында айтты.

"1995-2000-жылга чейин чыгарылган унааларды өлкөгө ташып кирүүгө же каттоого тыюу салуу керек. Эски унааларды алып кирип каттоого ала берсек, экология жана жол коопсуздугу эмне болот?" - деди Примов.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Айнура Туйбаева өлкөгө киргизилип жаткан унаалардын жылына карап тыюу салынбай турганын айтты.

Туйбаеванын айтымында, учурда 1 миллион 200 миң унаа каттоодон өткөн. Каттоосу жок жүргөн унаалардын саны белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ermekbai
2018-05-24 14:50:50
Жаңысына акчабыз жетпесе эскисин да алып минебизда чоңдорго окшоп заводдон алып мингенге биз корупционер эмесбиз 7000-8000 сом айлыкка карап отурабыз.
Жөн эле койгула келеберсин эч болбосо запчас кылып болсода иштетебиз. Анан калганын темирге тапшырабыз.
+8
Nuke_A
2018-05-24 15:14:46
жөн эле сүйлөп койду да. азыр эски машина алып келсе растаможкасы эле 10 миң доллар болуп кетет. андай машина базарда 3-4 миң турат. ким алып келмек эле
+6
ursus
2018-05-24 16:36:00
Бекерчиликтен ар нерсени Бир суйлоп койуп отура береткенда биздин аткаминерлер.еэске киргенден бери 2000ден ылдый машиналар келбей калган.аа силер билбейсинерда салондон сатып аласынар

+4
Rusi79
2018-05-24 18:07:53
Ач кадырын ток билбейт
+3
jumaev0084
2018-05-25 01:21:06
Жолдорду озунун комур казган Камаздары бузуп жатбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан