Бишкекте 2 миңге жакын адам Түркияга виза ала албай убара

Бүгүн, 24-майда отузга жакын адам Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдына чогулушту. Алар Түркияга баруу үчүн виза ала албай убара тарткандыгын айтышууда. Иш менен камсыз кылуу жеке агенттиктер ассоциациясынын директору Шерболот Аскербек уулунун SUPER.KG порталына билдиргенине карганда, учурда 2 миңден ашык адамга виза берилбей жатат.

Анын айтымында, Түрк элчилиги визаны кечиктирүүнүн себебин техникалык жабдуулардын иштебей жаткандыгына байланыштырышып, 1-июнга чейин бир дагы паспортту кабыл албай тургандыгын билдиришкен.

Мен 5 жылдан бери жарандарды Түркияга жумушка жиберип келем. Башында виза бат эле даяр болчу, кийин 16 күндөн соң бере башташты. Быйыл болсо жаңы элчи дайындалгандан бери виза берүү кечигип жатат.

Биз эки айдан бери ушул маселе менен элчиликке кайрылуудабыз. Кээде алар бизди бир жумага чейин кабыл албайт. Март айынан бери аз эле жаранга виза берилди.

Эгер Түрк элчилиги ушинтип кечиктире бергенинен Түркиядагы биздин жарандарды жумушка кабыл алган мейманканалар баш тарта башташты. Мындан улам биздин жарандарга эле кыйын болууда, алардын акчасы, убактысы кетүүдө. Эгер виза дагы 2 айдан кийин берилсе, анда сезондук жумуштарга иштеп келүү үчүн баргандан пайда деле жок, анткени үч айда көп деле акча таба алышпайт да”, - деди Аскербек уулу.

Өзүн Айжан деп тааныштырган айым Түркияга 2 айдан бери кете албай жатканын айтууда.

Мен тиешелүү документтердин баарын тапшырып, акчамды төлөгөнүмө эки ай болду. Ошондон бери агенттикке күндө барам. Алар виза даяр болсо эле кетесиз дейт. Бирок качан даяр болору белгисиз. Эгер кетпей калсам акчамды кайтарып алам”, - дейт ал.

Элмира аттуу аял дагы ушундай эле маселе менен келгенин, анын кызы бардык документти даярдап визаны гана күтүп жатканын билдирди.

“Менин кызым Түркияга барып иштеп келем деп 3-4 ай даярданды. Документтерин берип, акчасын төлөп койгон. Апрелде кетмек, ошондон бери кете албай жүрөт. Кийим-кече, буюм-тайымын даярдап алып күндө визадан жооп күтүп жатабыз”,- деди Элмира айым.

Бул маселе боюнча Түркиянын элчилигине кайрылганыбызда, Агенттиктер ассоциациянын пикирин четке кагып, виза берүүдө эч кандай маселе жок экенин айтышты.

"Бизге виза ала албай жатабыз деп расмий түрдө кайрылгандар болгон жок. Эртең менен чогулган жарандардын паспорттору бизге келгенине бир жума болгон, 2-3 күндүн ичинде даяр болот", - деп жооп берди элчиликтин маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Real_mir
2018-05-24 16:19:08
жон эле келе бергиле
+1
ursus
2018-05-24 16:26:49
ХХХХ ХХХХХХ посолствону
+3
admin_superstan
2018-05-25 09:28:28
ursus, провокация жараткан билдирүү жазууга тыюу салынган!
0
Kuyoo_bala
2018-05-24 19:18:02
Безвиза элего Турцияга,канча болду визага?
0
Atas
2018-05-24 19:22:49
Эмне бар дейм да ал жакта коп кыргыз кор болуп журушот кыздарды каалашынча калчашат турктор
Кыргызстанда жумуш жок дебей эле журо бергиле да шугур деп
+2
karakulja
2018-05-24 20:14:22
Жаш кыздарга вообще запрет кылыш керек визаны Турцияга. Бул менин мнением.
+3
33SUUN
2018-05-25 01:28:20
Мейманканаларга дейби?Демек кыргыз кыз келиндердин копчулугу мейманканалардада мейман тосушат турбайбы!
+1
fak
2018-05-25 04:48:11
Жакшы кылыптыр,бербесин кыздар тыйчу жерин тыйып уйундо отурсун
+3
Nora
2018-05-25 06:28:55
Negizi 25 jashka cheiynki kyz jigitterge viza berilbese jakshy bolmok, okuuga barsa bir jon, al jakka baryp jigitteribizdi Siriaga sogushka aidasa, kyzdar bolso sex kyzmatyn kylyshyp jan bagyshat eken, tak chto berbesh kerek VIZA? Evropa Amerika posolundai bolso jakshy bolmok.
+1
ulan127775
2018-05-26 21:36:56
Виза канча турат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан