Мурдагы судья Клара Сооронкулова: "Жээнбеков сот реформасын ишке ашырса тарыхта калмак"

2017-жылы 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка расмий киришкен. Андан бери жарым жыл өттү. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жээнбеков кандай иштери менен журт атасы боло алат?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Сооронкулова президенттен көп нерсени күткөн туура эмес нерсе экенин белгиледи. "2010-жылы Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттин ыйгарым укуктарын чектеп койгонбуз. Чектеп койгонубузга карабай эле өнүгүүнү, адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту президенттен күтүп жатабыз. 2007-жылдагы Конституцияга салыштырганда, президенттин 20дан ашык ыйгарым укугу кыскарган. Мурда өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктап туруп ошону көзөмөлгө салып иштечү, ошондуктан колундагы бийлиги зор болчу. Азыр 120 депутатты шайлап алып, кайра эле президентти карап отурабыз.

Президенттен менин күткөнүм, өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында эле иштесе, парламенттин өнүгүшүнө, өкмөттүн жоопкерчилигинин күчөшүнө шарт түзүлмөк. Президент өзүнө ыйгарым укугунан тышкаркы ишти кылгандан карманыш керек.

Президенттин кыла ала турган иши - сот реформасы. Конституцияда президентке ушул тармак боюнча көп укук берилген: сотторду дайындайт, сотторду кызматтан алат, сунуштайт. Сооронбай Жээнбеков сот реформасын ишке ашырып койсо эле чоң иш кылат эле. Сот реформасы алдыга жылмайын эч нерсе жылбайт. Президент Соттук реформа боюнча жыйында сөз сүйлөп, негизги багытты койду. Бирок мен ага канааттанган жокмун, себеби мурда эле болуп келген нерсени улантыш керек дегендей айтылып кетти. 6 ай ичинде кайсы соттук реформаны кандай багытта ишке ашырыш керек, негизги багыттар кайсылар деген маселе боюнча президенттин толук кандуу көз карашы калыптана элек.

Негизги көйгөй, президент чече ала турган нерсе - татыктуу талапкерлерди тандап, бул маселеге катуу көңүл буруп, сот системин тазалоо. Өзү деле "ондогон соттор кызматынан кетти" деп айтып жатпайбы, ооба, жергиликтүү сотторго сот системин чиритип жүргөн сотторду тандоодон өткөргөн жок, тилекке каршы, ошол боюнча кенен маалымат берилген жок. Президент "сот процесстерин теледен көрсөтүш керек" деп өзү айтты, анда өзүнүн тандоосун, эмне үчүн президенттин элегинен өтпөй калганын көрсөтүп койбойбу. Ошол жагын элге көрсөтсө, биз билет элек, кандай болуп жатканын баалайт элек, маалымат жок болгону үчүн биз билбей жатабыз.

Такыр кылган жок дебейбиз, иштеп жатат, бирок кээде өтпөй турган соттор өтүп кетип жатат, кечээ Жогорку Кеңеште баарыбыз көрдүк: иш козголгон, пара алган деген Айдар Алымкулов сунушталып жатат, президент аны өткөрүп жатат. Ирина Воронцовага деле нааразычылыктар көп, анын да кылыктары көп. Президент элдин маанайы, каалоосу менен да эсептешип иш кылса, сот реформасын ишке ашырса, Жээнбеков тарыхта калмак”, - деди Сооронкулова.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, экс-депутат Нариман Түлеев, "Азия плюс" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева, журналисттер Шайырбек Абдырахман, Тынчтык Алтымышев, жарандык активист жана юрист Улан Жумаковдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан