Депутаттар Мирлан Жээнчороев жана Наталья Никитенко Жогорку Соттун судьялыгына өтпөй калган үч талапкер боюнча кесиптештерин Тартип комиссиясына кайрылуу жолдоого чакырды. Никитенко депутаттар колдобой койгон талапкерлерди коомчулук кызматынан бошотууну сунуштап жатышканын айтты.
"Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлер боюнча Жогорку Кеңештин кабыл алган чечимин коомчулук колдоп, учурда өтпөй калган талапкерлерди жумуштан бошотуу керектигин сунуштап жатышат", - деди Никитенко.
Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева бул маселени алгач тармактык комитеттин кароосуна коюп, андан кийин бир чечимге келүү керектигин белгиледи.
Төрага Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин регламентинин талабына ылайык, бул маселе боюнча тармактык комитетке протоколдук тапшырма берерин убадалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 23-майда өткөн жыйынында президент тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова Жогорку Соттун судьялыгына шайланып, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Айдарбек Алымкулов колдоо таппай калган.