Жогорку Кеңеш Кыргыз-Казак чек арасы боюнча маселелерди жабык кароону улантууда

Жогорку Кеңештин депутаттары 24-майдын күн тартибине коюлган маселелерди карап бүтүп, Кыргыз-Казак чек арасы боюнча мыйзам долбоорлорун кароого өтүштү. Төрага Дастанбек Жумабеков 23-майда мыйзам долбоорлорун карап бүтпөй калышкандыктан бүгүн улантыла турганын белгиледи. Бирок жыйын бүгүн да жабык эшик артында уланууда. Ага өкмөттүн тийиштүү мүчөлөрү катышууда.

Каралып жаткан маселелердин биринчиси - "Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы чек араны демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору.
Экинчиси -
"Кыргыз өкмөтү менен Казакстан өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Казак мамлекеттик чек ара режими жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан