5-канал парламенттик канал бойдон калды

5-канал парламенттик канал бойдон калды. Депутат Дастан Бекешев аны парламенттик канал статусунан ажыратып, сатуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Демилге Жогорку Кеңештин 23-майдагы жыйынында талкууланып, добуш берүүгө жиберилген. Бүгүнкү жыйында мыйзам долбоору 63 эл өкүлүнүн каршы добушу менен колдоо тапкан жок.

Бекешев 5-каналды парламенттик канал кылуу боюнча V чакырылыштагы депутаттар тарабынан мыйзам кабыл алынганы менен ал мыйзам толук аткарылбагандыктан, сатуу керек болгонун айткан.

"Канал юридикалык жагынан парламенттик болгону менен факты түрүндө парламенттик эмес болууда. Анын үстүнө 85 миллион сом карызы бар экен. Парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдырууга "Пирамида" каналы жетиштүү болот", - деген ал.

Бирок Мамлекеттик мүлк фонду каналдын 85 миллион сом карызынын 25 миллиону канал парламенттик болгондон кийин болгон. Бир катар депутаттар каналды сатууга каршы болуп, парламенттен өкмөткө өткөрүп берүү керектигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан