Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы бүгүн, 25-майда Мамлекеттик тарых музейинин курулушунун жүрүшү боюнча көчмө жыйын өткөрөт. Ага фракция мүчөлөрү, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышат.
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов буга чейин музейди оңдоп-түзөө иштеринде баалар жогору көрсөтүлгөнү боюнча маалыматтар бар экенин айтып чыккан.
Аталган музей 2016-жылдын 25-мартында жабылып, оңдоо иштери башталган. Оңдоого мамлекет тарабынан 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Бул акчанын бир бөлүгү жаңы экспонаттарды сатып алууга жумшалган.