Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу дагы бир катар көчөлөр жабылды (тизме)

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу 23 көчө жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

– Манас кең көчөсү – Жибек Жолу көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;

– Манас кең көчөсү – Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин;

– Чүй кең көчөсү – Жаш Гвардия бульварынан Павлов көчөсүнө чейин;

– Чүй кең көчөсү – 7-Апрель көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин (түштүк тарабы);

– Эркиндик кең көчөсү - Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейин (батыш тарабы);

– 7-Апрель көчөсү – Анкара көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин (батыш тарабы);

– Абдрахманов көчөсү – Иманалиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө чейин;

– Алыкулов көчөсү – Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

– Баялинов көчөсү – Элебесов көчөсүнөн Тоголок Молдого көчөсүнө чейин;

– Достоевский көчөсү – Анкара көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин;

– Жаманбаев көчөсү – Токтоналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнө чейин;

– Калык Акиев көчөсү – Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө чейин;

– Каралаев көчөсү – Куттубаев көчөсүнөн Нуркамал көчөсүнө чейин;

– Москва көчөсү — Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;

– Орозбеков көчөсү – Саадаев көчөсүнөн Фере көчөсүнө чейин;

– Осмонкул көчөсү – Алматы көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө чейин;

– Салиев көчөсү – Лермонтов көчөсүнөн Калинин көчөсүнө чейин;

– Салтанат көчөсү – Кайназаров көчөсүнөн Патрис Лумумба көчөсүнө чейин;

– Термечиков көчөсү – Лев Толстой көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейин;

– Тыныстанов көчөсү — Жумабек көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;

– Щербаков көчөсү – Махатма Ганди көчөсүнөн Манас көчөсүнө чейин;

– Лермонтов көчөсү – Ибраев көчөсүнөн Жибек Жолу кең көчөсүнө (газ түтүктөрү оңдолот) чейин;

– Фрунзе көчөсү – Осмонкул көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин (газ түтүктөрү оңдолот).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Batma.Sh
2018-05-25 09:29:55
Качан ачылаарын бир кудай билет.Октябрга барып ачылса деле сүйүнө берели.Шаарда жөө жүргөн оң болуп калды окшойт.Пробкада тиктешип,карашып тура бергиче.
+2
nurbek56
2018-05-25 09:38:48
ушул жол ондогондорго айлык эмес объемуна толошсо иши тезирек журмок буларга кун отсо болду да бир кочону жаап алатта эки ай ошол жерде отура беришет карасан бироосу иштеп аткан жыйырмасы тиктеп отурат ошону
+3
Almazbek81
2018-05-25 09:42:27
Жабып эле жатышат жапкандарды ачышпайбы баштап ош базардына алды 2ай болду жабылганыга 200 метр жол качан ачылат таини жок.
+2
bermet104
2018-05-25 09:55:50
Мынча жол жабыла электе эле укмуш пробка болчу эле. Эми элестетиш да кыйын болуп атат Бишкектин жолдорун
0
nargiz94
2018-05-25 15:06:52
Кочонун баарын эле жапкан почти, ачыла элек кочо толтура еще.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан